АКШ санкциялык тизмеге дагы 7 орус жаранын жана 30 компания менен 2 кемени киргизди.

Санкцияга илинген орус жарандарынын арасында президент Владимир Путиндин «жеке ашпозчусу» деп айтылып келген миллиардер, ресторатор Евгений Пригожин да бар.

Визалык жана каржы чектөөлөрүнө туш болгондордун катарына «Курулуш долбоору», «Крым деңиз порттору», «Крым темир жолу» компаниялары, ошондой эле «Маршал Жуков» жана «Сталинград» суюктук ташуу кемелери да кошулган.

АКШнын Каржы министрлигинин чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жон Смит санкциялар Украина жана аннексияланган Крымдагы абалдан улам кеңейтилгенин билдирди. Смиттин айтымында, Вашингтондун башкы максаты Крымдын оккупациясы үчүн Орусияны көбүрөөк төлөөгө аргасыз кылып басымды улантуу, ошондой эле Украинадагы зомбулук менен туруксуздукту колдогондордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктарды жаратуу/