Орусия президенти Владимир Путиндин жыл сайын өтчү маалымат жыйыны 22-декабрдан 23-декабрга жылдырылды.

Бул тууралуу орус мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, президент мындай чечимди Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов менен коштошуу иш-чарасына байланыштуу кабыл алган. Элчини акыркы сапарга узатуу зыйнаты бейшембиде болот. Анын сөөгү Анкарадан Москвага кечээ алынып келинген.

Шейшембиде Анкарага элчинин өлүмүн иликтөө үчүн орусиялык адистер барган. Түрк бийлиги дипломатка карата ок чыгарган мурдагы полициячы Мевлүт Алтынташтын шектелген 6 тууганы кармалганын билдирди. Ал өзү кол салуу болгон жердеги атайын операциянын жүрүшүндө атылып өлтүрүлгөн.

Түркия менен Орусия элчи Андрей Карловдун өлтүрүлүшүн эки өлкө ортосуна чагым салуу аракети деп баалашты.