Бул тууралуу ЖК жыйынында улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.
«Кабелдердин эскилиги жетип, жаңы 4 кабел сатып алынган. Учурда алар Түштүк Кореяда. Бул кабелдерди алып келүү жана сактоо маселе болуп жатат. 2017-жылдын апрелине чейин жеткирилмекчи, 15-июнга чейин бардык кабелдер алмаштырылат», — деди ал.