Орусия менен Тажикстандын ортосундагы аба байланыштары 22-декабрдан тарта токтотулду.

Эки өлкөнүн авиация бийликтеринин ортосундагы жаңжал бир нече айдан бери уланып келе жатат. Тажикстандын Транспорт министрлиги эки күн мурун “Жуковскийден” Дүйшөмбүгө каттай турган  “Ямал” авиакомпаниясынын учууларына тыюу салган. Чектөө 2016-2017-жылдар аралыгындагы кышкы сезон маалына тиешелүү экени белгилүү болду.

Орусиянын Транспорт министрлиги маалыматты тастыктап, аба каттамдары 22-декабрда токтотуларын айтты.

Тажик тарап моюнуна алган милдеттенмелерин аткарбаса, Москва аба каттамдарын токторун айтып опузалоодо.

Орусиялык “Ямал” авиакомпаниясынынын Худжанд-Жуковский учууларына теңтайлаштыктын жоктугуна таянып тыюу салынган.

Тажикстандын Транспорт министрлиги өлкөдө орусиялык авиакомпаниялар басымдуу кылып жатканын, теңтайлаштыкты сактоо максатында орусиялык “Ямалдын” ырааттуу каттамдарына кышында уруксат берүү мүмкүн эместигин ырастады.

Тажикстандын Транспорт министрлиги “Ямал” бул багыттарга билеттерди сатууга укукгу жок болчу деп эсептейт.