Бул тууралуу ЖК жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди.
Анын айтымында, балдар үйлөрүнөн чыккан улан-кыздар жумушсуз жана турак жайсыз калышууда.
«Өкмөт бул маселени чечиш үчүн имарат таап берсе жакшы болмок. Имарат Бишкек, Кант, Кара-Балта шаарларынан болобу, айырмасы жок. Өкмөт тарабынан жакшы камкордук болот», — деди Карамушкина.