Жайкы туристтик мезгилге карата азыртан кам көрө баштоо зарыл. Балыкчы-Корумду жолунун курулушу туристтик мезгилде курулуп, туристтер үчүн кыйла ыӊгайсыздыктарды жаратты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөндүктөн, кечиримдүү болду, бирок ал келерки жылы кайталанбашы керек. Бул тууралуу депутат Узарбек Жылкыбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жолдун курулушунда иштегендердин 80 пайызы кыргызстандык жарандар экен. Алардын ишин толук каржылап, жайга чейин жолдун курулушун арбытуу абзел», — дейт ал.

Андан сырткары, эл өкүлү Ак-Суу районундагы Жыргалаӊ айылынын көйгөйүнө кайрылып, жергиликтүү тургундарды электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси дагы эле чечилбей жатканын белгиледи. Кезинде «Жыргалаӊ» шахтасы менчикке мыйзамсыз сатылып кеткен. Ал же жарытылуу иштебейт же электр энергиясынын акысын төлөбөйт. Анын айынан айыл тургундары жабыр тартууда.

«Чыгышэлектро» компаниясы жарыкты өчүрөбүз деп коркутат. Башкы прокуратура бул ишти көзөмөлгө алып, укуктук баа берүүгө тийиш», — дейт ал.