Донбасстагы кырдаалды тынчтык жол менен жайгаруу боюнча үч тараптуу контакттык топ алдыдагы майрамдарга байланыштуу 24-декабрдан тарта ок атууну токтотуу режиминин киргизилишин колдойт.

Бул тууралуу ЕККУнун атайын өкүлү Мартин Сайдик топтун шаршембиде Минскте өткөн жыйынынан кийин билдирди.

Ал ошондой эле Киев жыл соңуна чейин аялдар менен жарадарлардан турган 15 туткунду бошотууга даяр экенин айтты.

Үч тараптуу контакттык топтун кийинки жыйыны 16-январда болот.