Еврокомиссия террорчулукту каржылоонун алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу ниетинде.

Анын алкагында Евробиримдикке мүчө өлкөлөр ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Европа биримдигине кирип-чыкканда акча жана алтын алып жүргөндөргө карата көзөмөл күчөтүлөт. Шектенүү жараткан учурларда чек арачылар уруксат берилген 10 миң евродон аз акча алып кирип жаткандарды да кылдат текшерет. Брюссель ошондой эле почта аркылуу жөнөтүлгөн накталай акчалар менен банк карталарын көзөмөлдөөдөгү бажы кызматтарынын ыйгарым укуктарын кеңейтет.

Шенген маалыматтык системасынын алкагында Европанын ар башка өлкөлөрүндөгү шектүүлөрдүн маалыматтарын манжа издери боюнча салыштыруу сунушталууда. Бул экстремисттер жасалма документтерди пайдаланган учурларда тергөөчүлөр үчүн жардам болот.

Демилге Европарламент жана ЕБге мүчө өлкөлөр тарабынан жактырылышы керек. Реформанын 2018-жылы жүзөгө ашырылышы күтүлүүдө.