Казакстанда сөз эркиндигине байланыштуу куугунтуктоолор күчөп бара жатат. Бул туурасында “Адил сөз” уюму билдирди.
Укук коргоо уюмунун отчетуна ылайык, Казакстанда 2016-жылдын 11 айында өз пикирин эркин билдиргендерге карата 87 жолу куугунтуктоо фактысы катталып, кылмыш иши козголгон. Бул көрсөткүч өткөн жылы 77 болсо, 2014-жылы 33тү түзгөн.
Уюмдун төрайымы Тамара Калееванын айтымында, быйыл журналисттердин мыйзамдуу профессионалдык ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан 90 учур катталган. Алардын ичинен жарымынан көбү жазында жер реформаларына каршы өткөн митингдерди чагылдыруу учурунда болгон. Интернет-басылмаларга чектөө коюу же аларды жабуу боюнча 30дан ашуун факт тиркелген.
Жалаа жабуу боюнча 49 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен төртөөнө соттун өкүмү чыкты. Жалган маалымат таркатуу боюнча 12 иш ачылып, экөө боюнча айыптоочу өкүм окулду. Кастыкты козутуу боюнча дагы 12 кылмыш иши козголуп, алардын ичинен төрт учур боюнча күнөөлөнгөндөр соттолду.