Кыргызстандын авиакомпанияларынын Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыга албай жатышынын себептери бүгүн өкмөттө талкууланат.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматынын кабарлашынча, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү адистердин, ошондой эле Унаа жана байланыш министрлигинин өкүлдөрү катышкан жыйын өткөрөт.
Учурда Евробиримдиктин «кара тизмесинде» КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын гана авиакомпаниялары кала берүүдө. Кыргызстан ага 2006-жылы илинген.