Мындай оюн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн өкмөттүн жыйынында өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун натыйжаларын талкуулоо учурунда айтты.
Өкмөт башчы белгилегендей, 2017-жылга чейин КРди туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында чек ара аймактары үчүн экономикалык жактан стимулдаштырууга өзгөчө чараларды сунуштоо, экономикалык ишмердүүлүктү кеңейтүүгө жергиликтүү калкты бекитүү жана тартуу үчүн социалдык маселелерди чечүү аныкталган.
Сооронбай Жээнбеков аталган мамлекеттик программаны ишке ашыруучу иш-чаралар Планынын сапатына өзгөчө көңүл бурду.
«Биринчи кезекте – пландаштырылган чаралардын аткарылышын өлчөө индикаторлору жок, анын ичинде күтүлүүчү натыйжалары жок. Иш-чараларды пландаштырууда керектөөчүлөрдүн толук расчету жүргүзүлбөйт, тагыраак айтканда, күнүмдүк кырдаал катталбайт. Жыйынтыгында, эгерде мисалга материалдык-тиричилик шарттарды жакшыртууга чек ара айылдарындагы социалдык чөйрөнүн 100 кызматкерин алсак, анда 5 же 10 кызматкердин керектөөсүн канааттандырганда эле, бул пунктту аткардык деп эсептешет. Экинчиден, Планга финансылык каражаттар менен камсыздалбай турган жана экономикалык негизи жок чаралар киргизилет. Мисал келтирсек, Баткен, Исфана аэропортторун реконструкциялоо, чек ара аймактарындагы калктан жер салыгынан жана коммуналдык кызматтардан 50%га кыскартуу болгон. Үчүнчүдөн, чаралардын аткарылышынын айрым мөөнөттөр 2-3 жылга бөлүнбөстөн берилет. Ошондой эле жалпы республикалык масштабдагы иш-чаралар чек ара аймактарына байланбастан пландаштырылат. Пландаштыруудагы мындай кемчиликтер кийинки планды иштеп чыгууда эске алынууга тийиш. Биринчи кезекте, Экономика жана Финансы министрликтери, Өкмөттүн Аппараты программалык документтердин долбооруна катуу жана принципиалдуу баа бериши керек», — деп белгиледи премьер-министр.