Президент Алмазбек Атамбаев Япония императору Акихитону туулган күнү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мамлекет башчысы кыргыз-япон кызматташтыгы мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү диалог багытында өнүгө турганына ишеним билдирди.
«Япония өкмөтүнүн өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана демократиялык коомду курууга көрсөтүп жаткан колдоосун жана көмөгүн Кыргыз Республикасы жогору баалайт», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.