«Манас» эл аралык аэропортунда президент Алмазбек Атамбаевдин Ирандын президенти Хасан Роуханини расмий тосуу аземи болуп өттү.

Флагштоктордо тараптар мамлекеттик туулары көтөрүлүп, ардактуу кароол тизилди, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Расмий визиттин алкагында президент Алмазбек Атамбаевдин жана Иран президенти Хасан Роухани ортосунда тар жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрү болот.

Мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык маанидеги олуттуу маселелер боюнча пикир алмашышат. Эки мамлекеттин лидерлери ошондой эле басма сөз үчүн билдирүү жасашат. Биргелешкен документтерге кол коюу болжолдонууда.