Бүгүн саат 12:50 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымында (Чаар-Арча чегинде) УАЗ үлгүсүндөгү унаа болжол менен 30-35 метр бийиктиктен кулап, тар дарыясына түшүп кеткен.

Унаанын ичинде 7 адам болгон, анын ичинен 1 жаш бала жана 1 аял каза болду. Ал эми 4 жаран оор, 1 жаран жеңил жараат алган.

Жараат алган жарандарды райондук ооруканага жөнөтүшкөн. Өздүктөрү такталталууда.

Бөлүшүү