Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев «Эл аралык саясаттагы көрүнүктүү жетишкендиги жана Евразиялык экономикалык биримдикти бекемдегени үчүн Орусиянын «Жылдын адамы» сыйлыгынын лауреаты болду.

Сыйлык 1993-жылы Орусиянын биографиялык институту тарабынан негизделип, эл аралык мамилелер, маданият жана мамлекеттик башкаруу өңдүү тармактарда ийгиликке жеткен адамдарга ыйгарылып келет. Сыйлык тапшыруу аземи шаршембиде Москвада өттү.

Быйылкы лауреаттарынын арасында Орусия президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин да бар. Сыйлык Путинге «Орусиянын позицияларын бекемдегендиги үчүн», Си Цзиньпинге «Орусия менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүргөндүгү үчүн» ыйгарылды.

Ошондой эле «28 панфиловчу» тасмасын тартууга «активдүү катышкандыгы үчүн» Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы сыйланып, Казакстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, «Казакстандыктар Москваны коргоп жатышат» аттуу китептин автору Таир Мансуров лауреат болду.