Кечээ саат 18:30да аба-ырайына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрмөсүнө оор жүк ташуучу унааларга, саат 22:30да жеңил унааларга чектөө коюлган.

Бүгүн саат 05:30да коюлган жеңил унааларга чектөө алынган.

Бишкек-Ош унаа жолунун 141-чакырымында 3 оор жүк ташуучу “Фура” үлгүсүндөгү унаалар жол талашып, тыгын пайда кылгандыгына байланыштуу жана бороон болуп, жолдор тайгак болгондуктан 2016-жылдын 22-декабрында саат 23:10 чамасында Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Кара-Көл шаарындагы “ДЭУ” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлду.