Украин бийлиги «ПриватБанктын» 100 пайыз акциясын бир гривнага (үч цент) сатып алды. Акцияларды сатуу жана банктын ээлерин алмаштыруу жараяны 72 саттын ичинде жүргүзүлдү.
Банкты улутташтыруу боюнча украин бийлигинин чечими 19-декабрда белгилүү болгон.
«ПриватБанктын» негизги акционери Игорь Коломойский болчу. Ал буга чейин президент Петр Порошенко менен жаңжалдашкан жайы бар.
Улуттук банктын башчысы Валерия Гонтареванын айтымында, «ПриватБанктын» беш миллиард доллар тартыштыгы бар болчу. Ал төлөөгө кудуретсиз деп табылып, каржы министрлигинин толук көзөмөлүнө өттү.
Украина президенти Петр Порошенко «ПриватБанктын» улутташтырылышын кубаттады. Анын айтымында, банк бүтүндөй каржы системасына коркунуч жаратып жаткан.