Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Санкт-Петербургда өтө турган жамааттык коопсуздук келишим уюму кеңешинин сессиясы менен Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

ЖККУ жыйынында Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан президенттери уюмдун алкагында өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашат. Террордук жана экстремисттик коркунучтарга, маңзаты менен курал-жаракты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү өңдүү аймактык күн тартиптеги негизги маселелер боюнча да пикир алышуу болот.