Быйыл Тажикстан калкынын каржылык абалы жакшырды. Бул тууралуу Дүйнөлүк Банктын жаңы билдирүүсүндө айтылат.

2016-жылдын май-сентябрь айларында калктын жан башына карата реалдуу кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 6% өскөн. Телефон аркылуу 1000 респондент сурамжылоого алынган.

Дүйнөлүк банктын иликтөөлөрү көрсөткөндөй, акча которуулар, маяналар жогорулаган. Жеке жана айыл чарба иштери менен алектенүүнүн саны арткан. Орусиядагы экономикалык кыйынчылыктардан улам эмгек мигранттардын көбү өлкөсүнө кайтып келип, мал-чарба жана дыйканчылык менен алектенип башташкан. Ага кошумча быйыл тушүм дагы мол болгон. Мунун баары киришелердин жогорулоосуна шарт түзгөн.

Эмгек мигранттардын акча которуулары орточо эсеп менен алганда 943 сомониге жогорулаган. Ошентсе да, өткөн аптада Орусиянын Борбордук банкы быйыл 9 айдын ичинде Орусиядан Тажикстанга 1,5 миллион АКШ доллары которулганын жарыялаган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15% дегенди билдирет.