АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп 23-декабрда орус президентинин катын жарыялады. Анда Владимир Путин эки тараптуу алаканы жөнгө салууга чакырган.

15-декабрда жолдонгон катта Орусия лидери Москва менен Вашингтондун ортосундагы кызматташтык кеңейет деген ишенимин билдирип, Трампты алдыдагы Рождество жана Жаңы жыл майрамдары менен куттуктаган.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай кат жиберилгенин ырастады.

Эки тараптын алакасы Орусиянын Украинадагы саясаты жана АКШнын Демократиялык партиясына хакердик чабуулга байланыштуу айыптоолордон кийин ого бетер начарлаган.