Жогорку Кеңеште кыргыз парламентинин демилгеси менен белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун алгачкы төрагасы Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарага спикер Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, Асаналы Толубаевдин жакындары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Илимий-практикалык конференцияны ачып жатып, Турсунбеков I чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун алгачкы төрагасы Асаналы Толубаев кыргыз мамлекеттин, анын ичинде кыргыз парламентин түптөөдө, чыңдоодо жана калыптандырууда зор салым кошкон чыгаан инсандардын бири экенин баса белгиледи.
«Асанаалы Толубаевдин өрнөктүү өмүр жолу келечек муун үчүн чыныгы ишмердиктин үлгүсү болуп кала берет. Биз эӊ оор учурда, эӊ кыйын кырдаалда кыргыз парламентин жетектеген, өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон адамдын жаркын элесине ар дайым таазим этүүгө милдеттүүбүз», — деди ал.
Эске салсак, кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Асаналы Толубаев 1896-жылы азыркы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кызыл-Аскер айылында туулган.
1938-жылы биринчи жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине болгон шайлоодо А.Толубаев депутат болуп шайланып, ошол эле жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун биринчи төрагасы кызматына киришкен. Асаналы Толубаев бул жогорку жана жооптуу кызматта 1943-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген. Ушул жылдары Кыргызстанда мамлекет катары өнүгүүнүн, парламенттик башкаруунун негиздери калыптанган.
Ал эл чарбасын көтөрүүдө, Кант — Балыкчы темир жолунун, Чоң Чүй каналынын курулушуна, Улуу Ата мекендик согуш жылдарында СССРдин Европа бөлүгүнөн көчүлүп келген өнөр жай ишканаларын жана адамдарды жайгаштырууда өзгөчө эмгек сиңирген. 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасын өткөрүүдө, 1940-жылы кыргыз жазуусун латын тамгасынан орус графикасынын негизинде түзүлгөн кыргыз алфавитине которууда баа жеткис салым кошкон. Анын жетекчилиги менен 1939-жылы Кыргыз ССРинде жалпы эл каттоо ийгиликтүү ишке ашкан.
1941-жылы республика алдындагы жигердүү эмгеги үчүн Асаналы Толубаев Ленин ордени менен сыйланган. Кийинчерээк анын ысымы Бишкек шаарындагы №49 мектепке ыйгарылган.