Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аламүдүн районундагы «Чункурчак» тоо лыжа базасындагы 2016-2017-жылкы кышкы сезондун ачылыш аземинде билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө кышкы туризм тармагы тездик менен өнүгүүдө.

«Жыл бою туризмди өткөрүү  үчүн жергиликтүү жана чет элдик конокторго жагымдуу шарттарды түзүүбүз зарыл.  Кыргызстанда гографиялык-климаттык, инвестициялык жана мыйзамдуу  бардык шарттар болуусу зарыл. Өкмөт өлкөдө келечекте кышкы туризмди өнүктүрүү  үчүн инфраструктуралык жана коммуникациялык чараларды иштеп чыгат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр иш чаранын катышуучуларын активдүү жана сергек жашоо образына чакырды.

Сооронбай Жээнбеков  Кыргызстандын 90 % жакын аймагын тоолор ээлей турганын эске салды. Буга байланыштуу ал өлкөнүн кышкы туризмге болгон потенциалын  максималдуу пайдаланып, кыш мезгилинде дүйнө жүзүнөн туристтерди тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Өлкөнүн имиджин көтөрүүгө багытталган иш чараларды улантып, ата мекендик туристтик индустрияны өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзүү зарыл. Бүгүнкү күндө өлкөдө 23 тоо лыжа базасы иштеп жатат. Учурда Өкмөт «Тоо лыжа кластери» долбоорунун үстүндө иштөөдө. Аталган долбоордун алкагында заманбап беш тоо лыжа курортун куруу каралууда», – деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.