Кечээ Бах менен Боронбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда” жана “Субару” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Куткаруучулар “Хонда” унаасынын айдоочусун унаадан алып чыгышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.