Турсунбек Абдылдаев, Адина Самыйбек кызы жана Рахатбек Үсөнкожоев «Даңк» медалдары менен сыйланышты.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгон жарлыкка ылайык, кайраттуулугу, эрктүүлүгү, оор турмуштук кырдаалда адамдын татыктуу жашоого жана үзүрлүү эмгекке умтулуусунун зор үлгүсүн көрсөткөндүгү, ошондой эле кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн «Даңк» медалдары менен сыйланат.

  • Турсунбек Абдылдаев «Талыкпас-Ата» майыптардын коомдук бирикмесинин жетекчиси;
  • Адина Самыйбек кызы «Тумар» бий тобунун катышуучусу;
  • Рахатбек Үсөнкожоев Нарын облусунун Ат-Башы  районунун тургуну.