Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 11-декабрдагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган  Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Референдум (жалпы элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр тактап айканда төмөнкүлөргө багытталган:

  • — Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жана суверенитетин бекемдөө;
  • — парламентаризмди бекемдөө, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарынын ортосундагы өз ара аракеттешүү принциптерин тактоо;
  • — сот реформасын улантуу жана укук коргоо органдарындагы реформаны жүргүзүү үчүн конституциялык негиздерди жакшыртуу.

Мыйзамдын тексти кошо тиркелген. Ал “Эркин Тоо” газетасынын жакынкы чыгарылышында (2016-жылдын 30-декабрында, жума) жарыяланат.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө”  Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин, башкача айтканда 2017-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет.

Бөтөнчөлүккө ээ 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерге өзгөртүүлөр референдумда кабыл алынган Мыйзамдын 1-бөлүгүнүн 2-беренесине ылайык 2017-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.