Туризмди өнүктүрүүдө ар бир тармак боюнча иш алып барууга туура келет. Мисалы, жайкы эле туризм эмес, кышкы туризм дагы жакшы өнүгүү жолуна түшүп калды.
Буга лыжа базаларынын иштери далил. Экотуризмге кызыккандардын да саны өсүүдө. Медициналык туризм менен спорттук туризмдин мүмкүнчүлүктөрү да кеңири. Негизинен туризм – бул экономиканын негизги рычагдарынын бири. Бул тууралуу пикир бөлүшүп, депутат Узарбек Жылкыбаев бүгүн «Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.
“Сырттан келген чет өлкөлүк туристтер мисалы, Таш-Рабатка барса, аларга ошол аймактагы маалыматтар гана тааныштырылбастан, жалпы Кыргызстандагы башка тарыхый жайлардын артыкчылыктары дагы баяндалса жакшы болмок. Бул туристтик тармактагы кадрлардын кесипкөйлүгүнөн, тарых менен маданиятты, географияны жана чет тилдерин билүү жөрдөмдүүлүгүнөн көз каранды”,- дейт эл өкүлү.