Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы “Баймак” көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылгандыгынан улам Кербен шаарына жакын Нанай айылынын тургундары 5 км аралыктагы турган Өзбекстандын айылдарына 500 км айланып өтүп барып жатат.

Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева жергиликтүү тургундардын суранычы менен тааныштырып, аларга же көзөмөл өткөрүү пункту ачылат же бир топко чейин ачылбайт деген так түшүндүрмөлөрдү берүү зарылдыгын белгиледи.

Ош-Токтогул жолунун боюнда ишкердик менен алектенген жарандар тиешелүү отчету менен салык төлөмдөрүн Жалал-Абаддын Ноокен районуна берет. Бирок Таш-Көмүр шаарынын мэри менен шаардык кеңештин төрагасы аталган аймак бул жерге тиешелүү болгондуктан, ишкерлердин  отчету менен салык төлөмдөрүнө Таш-Көмүр шаарына чектөө маселеси боюнча депутат Осмонбек Артыкбаевге кайрылышкан. Мындан сырткары, депутат Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Жар шаарчасынын абалын – жол, электр кубаты боюнча көйгөйлөрүн дагы аткаруу бийлигине багыттады.

Францияда өткөн бүткүл дүйнөлүк жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан барган Акжол Махмудов менен Калык Сулайманов ийгилик жаратып, Кыргызстандын желегин желбиретип келишкен. Бул спортчуларга мамлекет тарабынан татыктуу көңүл буруу маселесин депутат Тазабек Икрамов көтөрдү. Ошону менен катар депутат бүгүнкү күндө күрөшчүлөр үчүн заманбап күрөш залы жоктугун дагы ортого салды.

Депутат Зиядин Жамалдинов Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун ишкерлеринин темир жолго байланыштуу маселесин алып чыкты. Айтымында, бул аймактын ишкерлери ишмердиги үчүн “Кыргыз темир жолу” ишканасына вагон сурап кайрылганда, вагон жетишпестигин айтып, кааласа вагондорду ижарага алууну, мүмкүнчүлүгү болсо вагон сатып алууну сунушташкан.

“Бул эмне деген көрүнүш? Түштүк аймактан көмүр ташуу маселеси ушинтип чечилбей, кыйынчылык жаралууда”,- дейт депутат.

Чет өлкөлөрдөгү кыргыз эмгек мигранттары ар кандай кооптуу жагдайларга –кол салууга, алдамчылыкка, айлык маянасын ала албаган көрүнүштөргө кирептер болуп жатат. Ага кошумча жаштардын тил билбегендиги дагы өзүнчө кедергисин тийгизүүдө. Бул тууралуу депутат Автандил Кулбараков маалымат берип, ички жана тышкы инвестицияларга маани берилбей, жумушсуздукка көңүл бурулбай жаткандыгына токтолду.

Депутат Кенжебек Бокоев Талас облусунун Кара-Буура районунун борборундагы Семетей кинотеатрынын абалы тууралуу аткаруу бийлигинин астына маселе койду. Ошону менен катар аткаруу бийлигин бюджетти сарамжалдуу пайдаланууга чакырып, айдоочу күбөлүгүн берүү боюнча жол эрежелерин окуткан мекеме менен мамлекеттик каттоо кызматынын ортосундагы маселени тактоо керектигин белгиледи.

Депутат Ирина Карамушкина Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи чөлкөмүндөгү лицензиясы жок эмчи-домчу дарыгер дагы деле ишин улантып жаткандыгын, эч кандай жоопкерчилиги каралбагандыгын сынга алды. Ошондой эле И.Карамушкина Ош базарындагы сапатсыз эт маселеси боюнча жагдайга токтолуп, ветеринария мекемеси расмий жайларды гана текшерерин, ал эми башка жайлар үчүн Бишкек мэриясы карайт деген жооп келгендигин, жана мындай мамиле туура эместигин билдирди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ленин атындагы мектеп-интернаты 1957-жылы курулган. Жакында эл менен болгон жолугушууда бул интернатка баш баккан депутат Азизбек Турсунбаев имараттын ремонтуна деп каралган 12 миллион сом эмдигиче бөлүнбөй жаткандыгын КР Өкмөтүнө жолдоду.

“Келерки жылы белгилене турган интернаттын 60 жылдыгына имарат ремонтуна эмгек жамааты тынчсызданууда”,- дейт депутат.