Санкт-Петербург шаарында (Орусия) өткөн Евразия экономикалык бирлигинин кезектеги саммитинде анын курамына кирген мамлекеттер тарабынан Бажы кодексине кол коюлду.

Эми аны ратификациялоо милдети турат. Кодекс 50-беренеден жана 400 бөлүмдөн турат экен. Ошондуктан, мындай чоӊ мыйзамды кылдат карап чыгып, андан кийин гана ратификациялоо керек.

Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Кыргызстан 80 пайыз импортко көзкаранды. ЕАЭБдин Бажы кодекси Кытай жана Түркия сындуу өлкөлөр менен соода-сатык иштерин жүргүзүүгө терс таасирин тийгизбейби? Депутаттарга кодекстин кол коюлган варианты таркатылсын. Кылдат карашыбыз зарыл. Аны шашылыш ратификациялоодон алыс болушубуз керек», — дейт эл өкүлү.