«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Конушбаей Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү шайлоочулар менен жолугушуп келди.

Эл өкүлү Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектепти, ооруканы, айыл өкмөттөрүн, милиция бөлүмдөрүн кыдырып, андагы кызматкерлердин ал-абалынан кабар алды.

Ошону менен катар жаңы жылдын алдында мектептердин мугалимдери менен окуучуларын, оорукананын, айыл өкмөттөрүнүн жана милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин куттуктап, белек-бечкектерин тапшырды.

Мындан сырткары, Конушбаев аз-камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына дагы жаңы жылдык маанай тартуулады.

Бөлүшүү