«Курманжан датка» тасмасынын режиссёру Садык Шер-Нияз, сценарийдин автору Бакытбек Турдубаев жана актрисалары Назира Мамбетова менен Элина Абай кызы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлөт. 

Мындай маалыматты Кыргызстан кинематографисттер биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ кинематографисттер биримдигинин жыйыны өткөн.

Жыйында бул жылы сыйлыкка көрсөтүү чечими кабыл алынды.