Президент Алмазбек Атамбаев  Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.

Мамлекет башчысынын мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин башчылары менен жолугушуусунда аяктап бара жаткан жылдын негизги жыйынтыктары жана өлкө жетекчилигинин 2017-жылдагы ишинин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Жолугушууда 2016-жыл Кыргызстан үчүн маанилүү жана эң сонун жыл болгону белгиленди. Бул жылы өлкө экономикасында, саясий жана маданий турмушта маанилүү окуялар болду. Өтүп бара жаткан жылы бүткүл элдик добуш берүүдө жарандар Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөгө, мурдагы негизги мыйзамда катылган коркунучтарды четтетүүгө жана мамлекет менен коом турмушунун ар кайсы чөйрөлөрүндөгү маанилүү реформаларды ишке ашырууга багытталган Конституцияга өзгөртүүлөрдү колдошту.

«Өткөн жыл көп жагынан биз үчүн жөнөкөй жыл болгон жок, бирок, өлкө туруктуулукту сактоо менен маанилүү сыноолордон ийгиликтүү өтүп, келечекке ишенимдүү кадам таштады. Биз туура жолдо баратабыз, Кыргызстан улам чыңдалып, туруктуу өлкөгө айланууда. Бирок биз жасай турган иштер али көп, биз мурдагыдан да чымырканып, жакшы иштеп, бардык чөйрөлөрдө Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуубуз керек. Болочоктогу өнүгүүнүн бекем пайдубалын түзүп, позитивдүү тенденцияларды мындан ары улантуу зарыл», — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев бардык бийлик бутактарынын жетекчилерине, алар аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөт мүчөлөрүнө жана судьялар корпусуна Кыргыз Республикасынын элинин жыргалчылыгы үчүн жаратман иштеринде жаңы ийгиликтерди каалады.