Бул тууралуу экотехинспекциянын оперативдик рейддин жүрүшүндө белгилүү болду.

Ага ылайык текшерүү иштери Токтогул базарында, Токтогул суу сактагычынын жээгинде, Торкен айылында жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык саткан Торкен айылынын тургундары Нурбек Жаныбек уулу, Гулзат Азаматова жана Зубайда аттуу жарандар кармалды.

Алардын жанында 3 даана толстолобик, 25 даана карась, 10 даана маринка балыктары табылды.  Жеринде акты, протоколдор толтурулуп, учурда чыгашаны эсептеп, өндүрүү боюнча иштер жүрүүдө.

Ошондой эле рейд учурунда Токтогул суу сактагычында балык кармоочу 850 м торлор табылып,инспекторлор тарабынан жеринде жок кылынды.

Учурда экотехиснпекциянын адистери тарабынан өзгөчө коргоого алынган балыктарды сактоо боюнча, браконьерлердин аягын тьюу максатында күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат.