“Оңой эле экен. Үркүтүп алганым эле болбосо бээ сааган жакты”, — деп алгач өзүнө ишене албай, бээге араң жологон Жылдызай чаканын түбүн толтургандан кийин таасирленип айтып берип жатты. Ананчы, эрезеге шаарда жетип, жумуш орду компьютердин алдында өтүп жаткан кыз үчүн бул кадимкидей экзотикалык тажрыйба болду.

Алгачкы тажрыйба. Ошентсе да, Жылдызай бээ сааганды тез эле өздөштүрүп алды
Алгачкы тажрыйба. Ошентсе да, Жылдызай бээ сааганды тез эле өздөштүрүп алды. Сүрөт: Улан Үсөйүн

Жылдызай дагы жыйырма чакты адам менен Нарын, Ысык-Көл жана Кеминди кыдырып жүрөт. “Көчмөн” коомдук фонду шаардыктар үчүн элеттин турмушун көргөзүүнү максат кылып, “Мурас” долбоорун өткөрүп жаткан чагы. Өз ара Эмануил Кантты сөз кылып көнгөн орусчалыш юрист, офис менежер жана журналисттер тоо этегинде жиликтерди өздөштүрүп, кыргыздын үрп-адаттарын четинен үйрөнүп жүрүшөт.

IMG_1425
Катышуучулардын таңкы тамагы эми үй нанын жайлоонун каймагына малып, сүт чай менен ичүүдөн башталып калды. Сүрөт: saat.kg
Жер үйдө оокат бүтпөйт
Айылда оокат бүтпөйт. Сүрөт: saat.kg
IMG_1456
Баштыкчадагы чайлар ыштын жыты менен чыгарылбайт. Бирок самоор чайынын өзүнүн керемети бар. Сүрөт: saat.kg
IMG_1454
Жайлоодо дүрбү салып, алыстагы үйүрлөрдү карап жатсаң, ойлоруң ордуна келип, табияттын ажырагыс бөлүгү экениңди түшүнөсүң. Сүрөт: saat.kg
Же жөн гана бактылуу көз ирмемдерге көз салып отурсаң кандай керемет
Же жөн гана бактылуу көз ирмемдерге көз салып отурсаң кандай керемет. Сүрөт: saat.kg
Ышкын менен таанышуу
Ышкын менен таанышуу. Сүрөт: saat.kg
IMG_1449
Ат минүү канда бар го. Бирок биринчисинде баары бир жардам керек. Сүрөт: saat.kg
IMG_20160612_125418
Катя ичегини биринчи жолу кармап көрдү. Бирок айылдагы эжеден кем калышпай жардам берип жатты. Сүрөт: Улан Үсөйүн

Фонддун төрагасы Улан Үсөйүндүн айтымында, 10 күндүк турдун жүрүшүндө катышуучулар кой союудан тартып, салттуу дарылоо ыкмаларына чейин көрүп келишет. Мындан тышкары, кыргызча сүйлөө жөндөмүн да арттыра алышат.

Бөлүшүү