- Бүгүн 4- январда Ош облусунун Алай районунда жер көчүп, 25 адам эвакуацияланды
Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Анда, жер көчкүнүн жолунда 3 турак жай болгондугу айтылат.
«Эки үйдүн тургундары, 25 адам ордунан коопсуз жерге көчүрүлдү. Үчүнчү үй жабык болуп чыкты. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат»,- деп айтылат маалыматта.