Сириянын Идлиб провинциясындагы аба соккуларынан буга чейин «Фронт аль-Нусра» деген аталыш менен белгилүү болгон топтун кеминде 25 согушкери жок кылынды.
Syrian Observatory for Human Rights уюму кабарлагандай, азырынча «Жабхат Фатех аль-Шамдын» позицияларына Орусиянын же АКШ башында турган коалициянын учактарынын кол салганы белгисиз. Маалыматка караганда, өлтүрүлгөндөрдүн арасында – топтун өткөн жылы аталышын өзгөртүп, «Аль-Каиданын» курамынан чыкканын жарыялаган лидерлери бар.
Орусия менен Түркия аталган топтун мүчөлөрү Сирияда ок атууну токтотуу тууралуу өткөн жумада келишилген макулдашуудан чыгарылганын билдиришүүдө. Апта башында айрым козголоңчу топ өкүлдөрү Сирия өкмөтү менен анын союздаштарын ок атпоо резимин «бузду» деп айыптап, ушул айда Казакстанда өтүшү керек болгон тынчтык сүйлөшүүлөргө карата даярдыктарын убактылуу токтотконун билдиришкен.