Түркмөнстанда азык-түлүктөрдүн баасы өстү

Автор -
208

2017-жылдын 1-январынан тарта Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлердин маянасы, стипендиялар, пенсиялар жана жөлөк пулдар 10% жогорулатылды. Бирок азык-түлүккө, өндүрүш товарларына жана коммуналдык кызматтарга болгон наркты эске алганда калктын чыгымдары акыркы айларда 100% өскөн.

2016-жылдын июлунда өлкөдө айлыктар жогорулатыла тургандыгы кабарланган. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчылары билдиришкендей, ал маалыматтан кийин базарлар менен дүкөндөрдө азык-түлүк жана өндүрүш товарларына болгон баалар кескин өсө баштаган.

Түркмөнстандык журналисттер билдиргендей, акыркы алты ай ичинде Ашхабадда товарлар менен кызматтардын баасы бери дегенде эле 100% өскөн. Баалар президент маяна, жөлөк пул, пенсия жана стипендиялар 10% жогорулай тургандыгын билдирээрден алты ай мурда көтөрүлө баштаган. Эгер маяналар 10% көтөрүлсө, чыныгы баалар 100-120% жогорулады деп белгилешет кабарчылар.

Болжол менен эки жума мурда түркмөн бийлиги борбордун базарларындагы бааларды кармап турууга аракет кылып, сатуучулардан азык-түлүк менен товарларды мамлекет тарабынан белгиленген баада сатууну талап кылган.

Түркмөнстанда 2016-жылдын январынан тарта түркмөн манатын АКШ долларына алмаштырууга тыюу салынган. Андан соң дароо эле азык-түлүк менен өндүрүш товарларына болгон баалар кескин түрдө көтөрүлө баштаган. Ошондой эле өлкөдө шекер, өсүмдүк майы, ун жана тооктун жумурткасы өңдүү азык-түлүк түрлөрүнүн жетишсиздиги жаралган.

Бөлүшүү