АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн алгачкы расмий маалымат жыйынын 11-январда Нью-Йоркто өткөрөт. Бул тууралуу ал «Твиттер» баракчасына жазды.
Анда Трамп президенттик менен ишкерлик кызыкчылыгынын кагылышуусуна жол бербөө боюнча чечимин жарыялайт деп күтүлүүдө.
Буга чейин жаңы шайланган мамлекет башчысы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандар менен «Твиттердеги» кыска билдирүүлөрү аркылуу байланышууну артык көрүп келген.
Трамп АКШдагы президенттик шайлоо маалында орусиялык хакерлердин чабуулу көйгөйү боюнча 3-январга белгиленген билдирүүсүн 6-январга жылдырып, аны атайын кызматтардан убадаланган материалдарды ала электиги менен түшүндүрдү.