Эки тараптуу жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча бир катар маселелер каралат.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов “Азаттыкка” билдирген.

Анын айтуусу боюнча президенттин делегациясы 5-январда түштөн кийин Пекинге учат.

“Эки тараптуу жолугушууда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору каралат” – деп маалыматта белгиленет.

Буга чейин аталган долбоор боюнча Кыргызстандын позициясын Өзбекстан менен Иран колдогону маалым.