Актөбөдө террорчулукка айыпталып жети киши соттолду

Автор -
242

Актөбөдө террорчулукка айыпталып жети киши соттолду. Алар террордук топту түзүү, террорчулукту үгүттөө, диний кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп табылып, алты жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышты.

Тергөө материалдарында жети адамдан турган топ Актөбө атайын кызматынын өкүлдөрүнө каршы “жихад” жасоону пландаштырып, андан соң түнкү клуб жана соода борборлорунда теракт уюштурмай болушканы белгиленет.

Былтыр августта топтун лидери шериктерине үйүнөн 16-калибрдагы аңчылык куралын алып келип, полициячыларга кол салууну убадалаган. Кийинчерээк ал Актөбөдөгү орто мектептердин биринин короосунда топтун мүчөлөрүн чогултуп, жаңы адамдарды катарына кошкон.

Топтун эки башчысы тогуз жылга түрмөгө кесилди. Ал эми катардагы беш мүчөсү алты жылга эркинен ажыратылды.