АКШ президенти Барак Обама Орусиянын Америкадагы шайлоо процессине кийлигишүүсү көптөн бери даярдалып келген пландардын жыйынтыгы экенин билдирди.

Бул тууралуу АКШ президенти АВС телеканалына берген маегинде айтты.

Обама Дональд Трамптын орусиялык киберчабуулдар тууралуу америкалык атайын кызматтын билдирүүлөрүнө ишенбей жаткандыгы жөнүндө айтты.

«Мен көптөгөн республикачылардын, анын ичинде аларга жакын аналитиктер менен тележурналисттердин демократ болгондугу үчүн гана өз мекендештерине караганда Владимир Путинге көбүрөөк ишенип жаткандыгына тынчсыздануудамын».

Обаманын белгилешинче, «американын алдыңкы саясий партиялары ортодогу пикир келишпестиктерге карабастан, өздөрүнүн бир командада, Владимир Путиндин болсо башка командада экенин эстен чыгарбашы керек».

«Эгер Кошмо Штаттар өзүнүн киберкоопсуздугун бекемдебесе, башка өлкөлөрдүн Америкадагы шайлоолорго таасир этүү мүмкүндүгү буга чейин ойго келбегендей чекке жетет. Жалган маалыматтардын басымы менен америкалыкардын өзүнүн башкы ММКларына болгон ишеними өтө төмөндөп, алар берилген кандай гана маалымат болбосун аны чындык же калп катары кабыл алып калышат», — деди ал.