Манас эпосу, фольклор, акындар поэзиясы, профессионалдуу адабият жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын маселелерин камтыган китеп жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө “Улуу тоолор” басмасында жарык көрдү.

Илимдер академиясынан билдиргендей,  “Манас” эпосу – Чыңгыз Айтматовдун руханий космоско учуп чыгышынын көркөм старттык аянтчасы болгон” деген пикирин автор дагы тереңдетип, дагы кошумчалап “Кассандра тамгасы” романы менен эпостун үндөштүгүнө, ааламдык маселелердин коюлушуна жана көркөм чечилишине токтолот.

Айтматовдун эпикалык ой жүгүртүү масштабында манасчылык өнөрдүн купуя сыры катылып жатканын ачып берет.

Китепте тил, маданият маселелерине арналган маектер да орун алган.