Азизбек Оморкулов “Банк тармагынын отличниги” медалы менен сыйланды.
Салтанаттуу иш-чарада ал улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун колунан Кыргызстандагы банк тармагынын өнүгүүшүнө салымын кошкондугу үчүн сыйлык алды.
“РСК банкы” жыйырма жылдан ашык Кыргызстандын калкына сапаттуу кызмат өтөп келет. Ошондой эле филиалдардын саны боюнча эң алдыңкылардан болуп эсептелет.
Азизбек Оморкулов улутттук банкка даражалуу сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди.
“Бул мен үчүн чоң сыймык. Мындай жетишкендик жалпы жамаатыбыздын эмгеги. Бирок ошол эле учурда чоң жоопкерчилик болуп саналат. Ишеним жана сыйлык үчүн рахмат”, — деди ал.
Банктын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлык алуу бардык кызматкерлердин үзүрлүү эмгеги.
“Биз мындан ары дагы өзүбүздүн алдыбызга максаттарды жана тапшырмаларды коёбуз”, — деп билдирди.