ЖКнын «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Дүйшөн Төрөкулов ант берди.

Ал 30-декабрда өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Чолпон Жакупованын ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Дүйшөн Төрөкуловду салтанаттуу ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришүүсү менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

 

Бөлүшүү