Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана АРИС аркылуу Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосунда жабдууларга ээ болушту.

Чүй жана Талас облустарында ишке ашып жаткан «Жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын башкаруу» долбоору негизинде  Чүй облусунун бардык 103 Жайыт пайдалануучу бирикмелери 14 млн сомдон ашык акча каражатына компьютердик жана офистик техникалык жабдууларды, эмеректерди мындан сырткары GPS түзмөгүн алышты.

Салтанаттуу тапшыруу аземи 2017-жылдын 11-январында Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө болуп өттү.
Талас облусунда бардык 37 Жайыт пайдалануучу бирикмелерине ушундай жабдуулар 2016-жылдын 28-декабрында тапшырылган. Чүй жана Талас облустарынын ар бир Жайыт пайдалануучу бирикмелерине берилген жабдуу 2000 АКШ долларын түзгөн. «Жайыттарды башкарууну жакшыртуу» долбоорунун Бүткүл дүйнөлүк банктагы жетекчиси Питер Гудман тапшыруу аземинде сүйлөп жатып, берилген техникалык жабдуулар бардык Жайыт комитеттеринин, Жайыт пайдалануучу бирикмелеринин  потенциалын жакшыртууда, жайыт пайдалануучулар кызмат көрсөтүү сапатын көтөрүүгө жардамын тийгизет деген ишенимин  айтты.