Бүгүн ЖК жыйынында Нарын облусунун калкын көмүр менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулду.

Өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун айтымында, облус боюнча 43 миң тонна көмүр керектелет. Баардык бюджеттик мекемелер көмүр менен камсыздалган. Облус боюнча 68 көмүр кампасы түзүлгөн. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көмүрдү мүшөктөп алганда кымбат болуп калып жатат. Негизи 3 күндөй гана көмүр болгон жок. Азыркы тапта Нарын шаарында 350 тонна, облустун көмүр кампаларында 796 тонна көмүр запасы бар. Бүгүнкү күндө Нарында 38 градуска чейин суу болуп, кошумча көмүр зарылдыгы жаралууда.

Депутат Аида Салянова жергиликтүү эл 7-10 күндөй көмүр болбогонун айтып жаткандыгын, облус башчысынын 3 күндүк көмүр болгон жок деген маалыматын четке какты.

Аманбай Кайыпов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айдын аягына чейин каникулду узартуу боюнча билим берүү, илим министрлигине сунуш даярдалып жатканын билдирди.

Депутат Таалайбек Масабиров кышы эң катаал Нарын облусун алдын ала көмүр менен камсыздап турсаңар деген өтүнүчүн айтты.

Депутат Наталья Никитенко бюджеттик мекемелерге сапатсыз көмүр түшкөндүгүн айтып, Ак-Талаа районундагы айрым социалдык обьектилерди мисалга тартты. Мындан сырткары, депутат Н.Никитенко орточо айлык 6 миң сом болсо,анын 3000-3500 сомго 1 тонна көмүр алса, кандай жашоо болот деп, монополияга каршы комитети менен жагдайды теске салууну талап кылды.

Кайыпов баардык кампаларда көмүр бар экенин, от жагылып жаткандыгын, бирок 38 градус суукта анча жылыбай жатканын жооптоду. Кайыпов Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кенин үзгүлтүксүз иштетсе, жергиликтүү элдин көмүр көйгөйү тегиз чечилерин билдирди.

Эл өкүлдөрү “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы өндүргөн көмүрдүн өздүк баасы 1200 болсо, ошол эле Нарындын башка райондоруна 2-3 эсе кымбат сатылып жатканын айтып, Монополияга каршы комитеттин ишин сынга алышты. Ошондой эле Нарын облусунун өзүнүн аймагында көмүр казылып жатып Нарын облусуна көмүр жетпей калышы кандай көрүнүш деп, көмүр менен камсыздоо боюнча штабды жай мезгилинде түзүп иш алпаруу керектигин белгилешти.