ЖКнын жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова УКМКнын социалдык тармакта президентке айтылган сындарды текшергени мыйзамсыз экенин айтты.

Анын айтымында, Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз оюн айтууга укуктуу. Мындан тышкары ал буга прокуратура укуктук баасын бериши керек экенине токтолду.

УКМК социалдык тармактарда Атамбаевди сындагандардын тизмеги түзүлгөнүн билдиришкен.