Кошмо Штаттарда жана Европада популист лидерлердин бийликке келиши адам укуктарын коргоого чоң коркунуч жаратууда. Мындай кырдаал диктаторлордун кыянаттыкка барышын шарттап жатат.

Бул тууралуу эл аралык “Хьюман Райтс Вотч” уюмунун 12-январда жарыяланган баяндамасында айтылат.

Анда Дональд Трамп жеңип чыккан шайлоо кампаниясы жек көрүүчүлүк жана сабырсыздык менен коштолгону, Батыш Европада адамдын негизги укуктарын четке каккан партиялардын таасири күчөп жатканы белгиленген.

«Бул өз кезегинде Экинчи Дүйнөлүк согуштан соң калыптанган адам укуктары боюнча системаны коркунучка кептеди» деп жазылган.

Ошондой эле уюм Орусия, Түркия жана Филиппиндин “күчтүү лидерлери” адам укуктарын көңүл сыртында калтырып, коопсуздук жана өнүгүүнүн кепилдиги катары өз дымактарын алдыга алып чыкканына көңүл бурган.

“Бул пропагандалык операция менен коштолгон тенденция укуктук нормаларды каралап, теңдик, сабырдуулук, кадыр-баркка өбөлгө болгон бардык мыйзамдарга жана институттарга каршы келүүдө”, — деп белгилейт “Хьюман Райтс Вотч”.

687 барактан турган World Report докладында эл аралык уюм 90 өлкөдөгү адам укуктары жаатына байкоо салган.

“Хьюман Райтс Вотч” Өзбекстанда адам укуктары жаатындагы абал жакшырат деген үмүтүн билдирген. Бирок уюм жаңы шайланган президент Шавкат Мирзиеев өзбекстандыктардын жашоосун жакшыртууну убада кылганы менен, маркум Каримов негиздеген авторитардык системаны колдогонун анча жакшы эмес жышаан катары баалаган. Ал эми Тажикстанда соңку 12 айда адам укуктары тармагындагы абал кескин начарлап кеткени белгиленген.

Бөлүшүү