Түркия парламентинде өлкөнүн президенттик республикага өтүүсүн шарттаган конституциялык реформаны кароо уланууда.

Бейшемби жана жума күндөрү негизги мыйзамдын жаңы беренелери кабыл алынды. Ага ылайык, парламенттин ролу көзөмөлдөө деңгээлине чейин төмөндөтүлдү. Президенттин бийлиги олуттуу түрдө кеңейтилип, ага министрлерди дайындоо жана кызматтан алуу мүмкүнчүлүгү берилди. Мындан тышкары өлкө башчы саясий партиянын мүчөсү болууга дагы укук алды.

Президент Режеп Эрдогандын жана башкаруучу Акыйкат партиясынын демилгеси менен Түркиянын Баш мыйзамына 18 жаңы берене киргизилүүдө.

Партия эгер мыйзам чыгаруучулар конституциялык өзгөрүүлөрдү колдобосо, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялана турганын билдирди.

Оппозициялык партиялар жаңы өзгөрүүлөр авторитаризмге алып барат деп эсептешет.

Бөлүшүү