Кытайда ШКУ банктар аралык бирикмесинин семинарынын алкагында, “РСК Банкынын” төрагасы Азизбек Оморкулов менен Кытай өнүгүү банкынын төрагасы Чжэн Чжицзе жолугушту.
Алар 2017-жылкы кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. “РСК банкынын” долбооруна өзгөчоө көңүл бурулду.
“Семинар жааматыбыздын биригүүсүнө өбөлгө түзүлүп жатат. Ошондой эле байланышыбызга мүмкүнчүлүк болду”, — деди Азизбек Оморкулов.
Мындан тышкары, Азизбек оморкулов алардын банкына ишеним көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди.