Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссариаты Аскаровдун сот өкүмүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.
«Кыргызстан сотунун саясий активист жана журналист Азимжан Аскаровду өмүрүнүн аягына чейин абакта калтыруу өкүмү терең тынчсыздануу жаратууда жана өлкөнүн сот системасында олуттуу кемчиликтер бар экенин айгинелейт»,- дейт Жогорку комиссар Зейд Раад Ал Хуссейн.
«Сот өкүмү БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Аскаров мыйзамсыз камакка алынганы, абакта ырайымсыз шартта кармалганы, кыйноолорго тушугуп, өзүн коргоого тиешелүү деңгээлде даярдануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы тууралуу чечимине карама-каршы келет», — деп белгиледи ошондой эле Улуттар Уюмунун Жогорку комиссары.
БУУ өкүлү кайрадан Кыргызстанды Аскаровдун өкүмүн өзгөртүүгө чакырды.
Базар-Коргон райондук соту 66 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн этегине чейин абакка кескен. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту өкүмдү күчүндө калтырган.
Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камакта отурат деген негизде аны бошотууну Кыргызстандан талап кылган эле. Бул сунуштан кийин Жогорку Сот былтыр 12-июлда жаңы ачылган жагдайларды карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Натыйжада, ишти Чүй облустук соту кайрадан териштирип чыкты.